Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Талас районунун аткарылып жаткан иштери тууралуу Умарова Жаныл буларды айтат:

 

1.  Тарификацияларды текшерүүдө чыккан каталарды жоюу боюнча ар бир билим берүү мекемелеринин профкомдоруна, администрацияларына жана райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына билдирүү жазылды. Алар менен жолугушуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. «Манас» лицей-интернатынын бухгалтери менен жолугушуп тарификациянын ар бир графасын карап чыктык. 

 

2.  Жайкы эс алууну уюштуруп жатабыз. Быйылкы жылы 35 мугалим тарбиячыларды взностун эсебинен бекер эс алдыралы деп даярдык көрүп жатабыз. Профкомдор мектептин профсоюз комитетинин кеӊешмелеринин чечимдерин алып келип жатышат. Ар бир мекеменин мыкты ийгиликтери бар кызматкерлерине стимул болуш үчүн бекер эс алууга жиберебиз. Ошондой эле «барчын» лагерине мугалимдердин балдарын жиберүүгө мектеп, бала бакчалардын заявкаларын алып жатабыз.