Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Талас облусунун Кара – Буура районунда мугалимдердин спартакиадасы болуп өттү

3 – майда Талас облусунун Кара – Буура районунда мугалимдердин спартакиадасы болуп өттү. Спартакиадага арналган жыйында, районубуздун акими Чолпон Асылбекович Төрөкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбай Ашымович Калыбаев, райондук жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Кутманалиев Аралбек сөз сүйлөшүп  спорт менен эмгек тынчтыкты, достукту, ден-соолукту, ынтымакты ширелтип, бекемдеп тураарын айтышып спартакиаданын кызуу өтүшүнө өбөлгө түзүшүп, жыйындын акырында Мамлекеттик администрация тарабынан  бардык оюндун түрлөрүнөн жеңип 1-орунга ээ болгон командага - чаң соргуч, 2-орунга жана 3-орунга ээ   болгон командаларга DVD белектерин берилди. Ал эми Райондук билим кызматкерлер профсоюзу тарабынан ар бир оюндун жеңүүчүлөрүнө, ардагер оюнчуларга, спорттун эң жаш катышуучусуна грамоталар, 200 сомдон жогору акчалай сыйлыктар оюндун жыйынтыгында берилип, командаларга ийгилик каалоо менен жыйынтыкталды.