Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктар тапшырылды.

 

2020-жылдын 24-июнь күнү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиясы болуп өттү. Коллегия 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарды. Коллегияга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бакышев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, коллегия мүчөлөрү жана мектеп директорлору катышты.

Коллегия «Жыл мугалими -2020» жана «Жылдын мыкты мектеби -2020» сынактарынын жыйынтыгын чыгарды. «Жыл мугалими -2020» сынагынын райондук этабынын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин I, II, III даражадагы Дипломдору, Ардак грамоталары жана кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйлады.

Ошондой эле «Жылдын мыкты мектеби -2020» сынагынын «Мыкты жаёы типтеги мектеп - 2020» номинациясы боюнча I орунга татыктуу болгон А.Тангатаров атындагы интернат-гимназиясы, «Мыкты айылдык мектеп-2020» номинациясы боюнча I орунга жетишкен М. Жолдошалиев атындагы орто мектеби, «Жылдын мыкты балдар бакчасы -2020» сынагынын «Мыкты инновациялык балдар бакчасы - 2020» номинациясы боюнча I орунга татыктуу болгон «Наристе» балдар бакчасы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин I даражадагы Дипломдору жана кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланды.

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлик комитети