Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлык жалкы - сыймык жалпы.

        Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун жыйындар залында билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  бөлүм  башчысы  Бегматов Анарбай Турдубаевичке Кыргыз Республикасынын Ардагерлер Кеӊешинин «Ардактуу ардагер» төш белгисин тапшыруу салтанаты болуп өттү.

     Ага Жалал-Абад облустук Ардагерлер Кеӊешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, анын  орунбасары Сүйөркул Бакиров,билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосунов жана эмгек жамааттардын өкүлдөрү катышышты.

     Төш белгини облустук ардагерлер кеӊешинин төрагасы С.Качкынбаев тапшырып,анын орунбасары С.Бакировдор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

      Агайдын дарегине обкомдун төрагасы А.Исмаилов, усулдук борбордун  директору А.Токтосунов, бирге иштешкен  кесиптештеринин атынан Ж.Жолдошова, А.Гулатов, обкомдун инспектору А.Айдаров, аксакалдардын атынан Т.Турганбаевдер              билим берүү жана тармактык профсоюзга кошкон салымын белгилешип, жакшы ой-пикирлерин, каалоо-тилектерин билдиришти.

         Бегматов Анарбай Турдубаевич  жогорку  окуу жайын бүтүрүп, 45 жылдан бери билим жана профсоюздук кызматта үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Анын ичинде катардагы мугалим,директордун орунбасары мектептин директору,Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө, Жалал-Абад областтык билим берүү башкармасында  кадрлар бөлүмүнүн башчысы, облустук илимий-методикалык борбордун директору кызматтарын абийирдүүлүкк менен аркалап,акыркы жыйырма  жыл ичинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматында ийгиликтүү иштеп келүүдө. 

Материалды даярдаган:М.Абдыкадырова – обкомдун пресс-катчысы.