Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта райондук семинар өткөрүлдү

    Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райкомунун иш планына ылайык 2017-жылдын 10-майында Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин профсоюзунун баштапкы уюмунун профсоюздук каананы уюштуруу жана иш кагаздарды жүргүзүү боюнча иш тажрыйбасын үйрөнүү максатында аталган мектепте райондук семинар болуп өттү.

   Бул мектептин профсоюзунун баштапкы уюмунун төрайымы Жээнбекова Кундуз өзүнүн иш тажрыйбасы менен ой бөлүштү.

    Райондук семинарга профсоюздун баштапкы уюмдарынын төрага (төрайымдары), профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, райондук усулдук бөлмөнүн усулчусу А.Токтоназаровдор катышышты.