Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта мектептерди аккредитациялоо жөнүндө райондук семинар өткөрүлдү

   Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун №15 М.Юсупова атындагы орто мектебиндеги 2017-жылдын 29-ноябрында мектептерди аккредитациялоого даярдык көрүү максатында мектеп директорлорунун райондук семинары болуп өттү. Семинарда тренер А.Тойчиева слайд аркылуу жогорудагы маселени жатык тил менен түшүндүрдү, суроо-жооп уюштурулуп, семинардын катышуучулары мектептерди аккредитациялоо жөнүндө толук түшүнүк алышты.

   Райондук семинарга Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, райондук усулдук кабинеттин башчысы М.Элемановдор катышышты. Райондук семинарды мектеп директорлорунун секция жетекчиси А.Авазов алып барды.