Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта «Жылдын мыкты мугалими – 2018» райондук кароо сынагы жыйынтыкталды

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун №75 К.Эрматов атындагы жатак-лицейинде “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылына” карата түзүлгөн иш чаралардын алкагында “Жылдын мыкты мугалими – 2018” райондук кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул кароо сынакка зоналык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү болуп эсептелишкен 16 мугалим катышты.

         Кароо-сынактын жыйынтыгы менен гран-при “Аль-Фауз” менчик мектебинин дене-тарбия мугалими Сабиров Канатбекке, 1-орун Ю.Гагарин атындагы орто мектептин англис тили мугалими Иманкулова Аселге, 2-орун Ырыс орто мектебинин англис тили мугалими Узакова Кайыргүлгө, 3-орун К.Эрматов атындагы жатак-лицейдин англис тили мугалими Көкөнбаева Сакинайга ыйгарылды.

         Кароо сынакта байгелүү орундарды ээлегендер жана катышуучулар райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун, Сузак райондук мамлекеттик администрациянын жана демөөрчүлөрдүн дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты, сыйлыктардын жалпы фондусу 117 миң сомду түздү.

         Ошентип “Жылдын мыкты мугалими – 2018” областтык кароо-сынагына “Аль-Фауз” жеке менчик мектептин дене-тарбия мугалими Сабиров Канатбек Үсөнбаевич катышууга укук алды.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев