Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта Жаштар кенешинин жыйыны өткөрүлдү

Сузакта Жаштар кенешинин жыйыны өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин алдындагы Жаштар кенешинин жыйыны өткөрүлдү.Жыйында Жаштар кенешинин 2020-жылга карата иш планы талкууланып бекитилди .

Жыйында жаш билим берүү кызматкерлерин профсоюздун мүчөлүгүнө кабыл алуу , жаш адистерге үй куруу үчүн жер участокторун алууга көмөктөшүү , үч тараптуу макулдашууларды түзүү мезгилинде жаш адистердин көйгөйлөрүн эске алуу , айлык акылардын ведомостторунун ачык-айкындуулугу жөнундөгү маселелер кызуу талкууланды .

Жыйындын ишине Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А . Орозалиев жана райкомдун эмгекти коргоо боюнча адиси Э . Аназаров катышты.