Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук иш чара өткөрүлдү.

Бул иш чарада Ч.Айтматовдун өмүрүн, чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмө уюштурулду, улуу жазуучу жөнүндө ойлор, пикирлер айтылды, дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучу, ойчул, философ экендиги жөнүндө белгиленип, ага таазим этилди.

Райондук иш чарага Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Э.Омошев, орун басары Л.Абибова билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана башка кызматкерлер катышышты.

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев