Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта тегерек стол өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси менен “Райондогу билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер аркылуу өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте коргоонун абалы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө” тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдо “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамынын  7-10-беренелерине ылайык билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, эмгектенүү шарттарын түзүп берүү жана мектепке келбеген балдардын ата-энелери менен иштөө маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүзүлүп, ал маселелерди чечүүнүн жолдору көрсөтүлдү.

Тегерек столдун ишине Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басараы Абибова Л.С, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комтетинин төрагасы Орозалиев А.Д, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Бейшеева Г.С, профсоюздун Сузак райкомунун Пленум мүчөсү Сулайманова А.А жана райондун 13 айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча адистери катышышты.

 

 

Материалды даярдаган:

Абдимажит Орозалиев