Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта олимпиада өткөрүлдү

Сузак районунун №90 Манас атындагы жалпы билим берүүчү иннованициялык орто мектебинде Билимкана уюму тарабынан уюштурулган “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта физика, математика, химия, тарых география жана кыргыз адабияты предметтери боюнча  4-11-класстын окуучулары үчүн райондук олимпиада болуп өттү.

Олимпиада мыкты талантуу окуучуларды таап, баалап аларды  областтык жана республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга даярдоо максатында өттү. Олимпиаданын жыйынтыгында окуучулар олимпиадага катышкандыгы тууралуу сертификаттар алышты. Ал эми жеңүүчүлөр ардак грамоталар жана  олимпиаданын областтык туруна жолдомо алышты.

 

 

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев