Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта райкомдун кезектеги Пленуму өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин кезектеги III пленуму 2018-жылдын 28-июнунда болуп өттү.

Пленумдун ишине профсоюздун Жалал-Абад областтык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ш.Тажидиновалар катышты.

Пленумда төмөндөгү маселелер каралды:

  1. Уюштуруу маселеси;
  2. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин иш-аракеттеринин актуалдуу багыттары, көйгөлөр жана аны чечүүнүн жолдору;
  3. М.Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюзунун баштапкы уюмунун “Билим берүү уюмунун материалдык базасын чыңдоо жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык кызыкчылыктарын коргоо үчүн демөөрчүлөр менен иштөө тажрыйбасын” жалпылоо жөнүндө
  4. Ар түрдүү маселелер.

2-маселе боюнча Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев кеңири мазмунда маалымат берди.

3-маселе боюнча М.Орозалиева атындагы жалпы орто билим берүү орто мектебинин директору А.Жолдубаев демөөрчүлөр менен иштөө тажрыйбасы жөнүндө кеңири баяндама берди.

Бул эки маселе боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Андан башка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 5.01.№ 3/1 мугалимдерге предметтер боюча жүктөмдөрдүн төмөнкү чеги жөнүндөгү буйругун аткаруудагы көйгөйлөр жөнүндө кеңири талкуу жасалды.

Пленум жогорудагы маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алды.