Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун жана баштапкы уюмдардын иш пландарына ылайык билим берүү кызматкерлерин, педагогикалык жамааттарды жайкы эс алууга тартуу кызуу жүрүүдө.

Жайкы эс алуулар “Арстанбап” пансионатында, “Арстанбап Ата” турпансионатында, Ысык-Көлдө, республиканын табиаты кооз ыйык жерлеринде уюштурулууда. Жакында №10 “Көк-Арт” жалпы билим берүүчү гимназия орто мектебинин жамааты профсоюздук бюджеттин жана өздүк салымдын эсебинен Кара-Алмада эс алышып, ден соолуктарын чыңдап кайтышты.