Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта баштапкы уюмдардын төрагаларын үйрөтүүчү семинар өткөрүлдү

    Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Т.Байзаков атындагы орто мектебинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук окмитети тарабынан профсоюздун баштапкы уюмдарынын төрагалары үчүн “Региондорду өнүктүрүү жылында эң мыкты профсоюзлук комитет” республикалык кароо-сынагына катышууга карата методикалык рекомендацияларды жеткирүү максатында райондук семинар болуп өттү.

   Райондук семинарда Т.Байзаков атындагы орто мектебинин профсоюзунун баштапкы уюмунун аткарып жаткан иштери жөнүндө анын төрайымы Яркулова Т кеңири маалымат берди.

    Андай кийин профсоюздун Сузак райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Л.Хакимов “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылында эң мыкты профсоюздук комитет” республикалык кароо сынагынын Жобосу менен тааныштырды.   Семинардын соңунда республикалык кароо сынакка катышуу боюнча боюнча катышуучулардын ой пикирлери жана сунуштары угулду.

     Семинардын ишине Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы Орозалиев Абдимажит Джумабаевич катышты.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев