Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта август кеңешмеси өткөрүлдү

26-август күнү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеге Сузак райондук администрациясынын башчысы-аким Б.Ж.Сыдыкназаров, Сузак райондук БББнин башчысы Т.Ж.Усенов, Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектепке чейинки жана жалпы билимберүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдер катышышты.

Жыйын “Билим берүүнүн экосистемасы, бирдей жарандык жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо - коомдун туруктуу өнүгүүсү катары” деген темада өтүп, анда билим берүү тармагынын 2021-2022-окуу жылында жетишкен ийгиликтери, аныкталган көйгөйлөрү, аны чечүүнүн жолдору жана алдыга коюлган милдеттери талкууланды.

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Ж.Сыдыкназаров мугалимдерди куттуктап, мамлекетибизде билим берүү тармагы эң артыкчылыктуу багыттардын бири, быйылкы жылы мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулуп, билим берүү системасын өнуктүрүүгө, мугалимдердин айлык акылары көтөрүлүп, башка социалдык маселелерин чечүү, жаңы мектеп жана балдар бакчаларын куруу багытында жигердүү иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Алдыңкы педагогикалык жамаатарга Сузак райондук профсоюз комитети тарабынан мыкты иш жүргүзгөн мектептерге, бала бакчаларга ар кандай номинациялар менен 20 000 сом, 15000 сомдон акчалай сыйлыктар, дипломдор, ардак грамоталар берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райКБКнын адиси М.Примкулов