Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районундагы №9 Мичурин мектебинде “Акыркы коңгуроо” аземи

    2017-жылдын 25-майында Багыш айыл өкмөтүндөгү №9 И.В.Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Акыркы көңгуроо” майрамдык аземи болуп өттү. Майрамдык аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович, Сузак райондук администрация башчысы А.Т.Маматов, Жалал-Абад областтык усулдук борборунун жетекчиси А.А.Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Мурзабеков, 94 жаштагы пенсионер мугалим М.В. Устеминко, ата-энелер, жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөр конок катары катышшышты. Келген коноктор сөздөрүндө бүтүрүүчүлөргө ак жол, ал эми мугалимдер жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

  Област жетекчиси Кыянбек Урмаматович мугалимдердин ишин баалап ыраазычылык билдирди, ал эми бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечекте Кыргыз элинин керегине жараган инсандардан болушун тилеп кетти.

   2016-2017-окуу жылында №9 И.В.Мичурин атындагы орто мектебинде 67 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат. Мектеп директору келген конокторго ыраазычылык билдирди. 

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев