Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда эки жаңы мектептин курулушу пайдаланууга берилди

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда мектептерде  1-сентябрь Билим майрамы өзгөчө даярдыктар менен өткөрүлдү.

         Райондогу Д.Жунусов атындагы орто мектептин 275 орундуу жана И.Карабаев атындагы орто мектептин 150 орундуу жаңы имараттары пайдаланууга берилди. Жогорудагы мектептердин жаңы имараттарынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер министри Д.Т.Зилалилов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.У.Сатыбалдиев, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Э.А.Омошев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Н.М.Мусаевалар катышышты.  

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев