Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак райкомитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин отчеттук шайлоо конференциясы  районубуздагы Дома Ата атындагы орто мектебинин жыйындар залында 3 апрель 2015 жылы болуп өттү. Конференциянын ишине Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Токтогулов А.Т. Профсоюздардын Жалал Абад областык Кеӊешинин төрагасы Жусмаматов З. Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Жалал Абад областтык комитетинин төрагасы Мырзакматов К.С. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы Шералиев Э. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Режавалиев Н. катышышты. Конференцияда жетишкен ийгиликтер менен кошо кетирилген кемчиликтер туурасында да көптөгөн сын пикирлер айтылды. Конференциянын жыйынтыгында төрага Исмаиловдун отчеттук мезгилдеги иштери канааттандырарлык деп бааланып кайрадан  беш жылга бир добуштан төрага кылып шайлашты. Конференциянын жыйынтыгында Кыргызстан профсоюздарынын лидери А.Т.Токтогулов кеӊири сөз сүйлөп делегаттарды куттуктап кайрадан шайланган төрага Исмаиловко ийгиликтерда каалады.

Эки жылдан бери салт болуп калган райондук билим берүү жана райондук профсоюз комитетини тарабынан «Сузак районунун ардактуу мугалими» наамы, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогуловго тапшырылды.