Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

     2017-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жогорку деңгээлде белгиленди. Кесиптик майрамга арналган салтанатка 400 билим берүү кызматкерлери чакырылды.

     Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы куттуктоо үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Омошов Эрмек, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев Абдимажит, райондун айыл өкмөт башчылары жана башкалар келишип өздөрүнүн жылуу куттуктоолорун айтышып, сыйлыктарын тапшырышты.

    Кесиптик майрамдын катышуучуларына профсоюздун Сузак райкому тарабынан майрамдык сый тамак берилди.

    Райондун билим берүү ишине кошкон салымдары үчүн кесиптик майрамга карата 42 мугалимге Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы төш белгиси, 49 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, 3 мугалимге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук кыймылынын мыктысы төш белгиси жана Ардак грамотасы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, Жалал-Абад областындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары, 5 мугалимге Кыргызстан Аялдар Конгресинин “Жылдын мыкты айымы” медалдары жана башка сыйлыктар ыйгарылды.

         Ошондой эле райондун маданият кызматкерлери чоң программадагы концерт коюп беришти.