Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунун 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык жүрүүдө

     Жакында Жалал-Абдастына караштуу Сузак районунун №75 К.Эрматов атындагы жатак-лицейинде “Сузак районунун 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата тарых предметин окутууда жергиликтүү материалдарды колдонуу жолдору” деген темада тарых мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

    Семинардын жүрүшүндө тарых предметин окутууда жергиликтүү материалдарды колдонуу жолдоруна жана мектептерде тарых музейин түзүүгө айрыкча басым жасалды.

     Райондук семинардын ишине Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Бейшеева, райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинеттин башчысы М.Элемановдор катышышты.