Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районундагы инфекциялык оорукананы курууга жардам көрсөтүү

Сузак районундагы инфекциялык оорукананы курууга

жардам көрсөтүү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы №36-кесиптик-техникалык лицейдин имаратынын базасында райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен ашар ыкмасы аркылуу 304 орундуу инфекциялык оорукана 11 млн. сомго курулуп жатат.

Бул курулушка райондук билим берүү кызматкерлери жана Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун уюмдары 600 000 сом акча каражатынан жардам беришти.

Бул жардамды Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Усенов жана Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А. Орозалиев баш болгон билим берүү кызматкерлеринин өкүлдөрү тапшырышты.

Билим берүү кызматкерлеринин жана профсоюздук уюмдардын бул жардамы үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э. Омошев чоң ыраазычылыгын билдирди.

 

Даярдаган: Э.Аназаров