Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда окуучулардын жайкы эс алуулары уюштурулууда

Жалал-Абад областынын Сузак районунда 5875 билим берүү кызматкерлери эмгектенишет.

Учурда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана профсоюздун Жалал-Абад обкомунун жардамы аркылуу билим берүү кызматкерлеринин балдарын жайкы эс алууга тартуу боюнча кызуу иштер жүргүзүлүүдө. Арстанбаптагы “Зорька”, Көк-Жаңгактагы “Арууке”, Сузактагы “Достук” жайкы эс алуу лагерлеринде балдарды эс алдыруу пландаштырылган. Учурда балдар “Зорька”, “Арууке” лагерлеринде эс алышууда.

Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев “Арууке” лагеринде болуп, балдарга жайкы эс алуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып кайтты.