Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Сулуулук дүйнөнү сактап турат»

    КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсознун БК тарабынан быйылкы жыл «Тармактагы адептүүлүк жана укуктук  маданият жылы» деп жарыяланышы көптөгөн алгылыктуу иштерге үндөп, ЖАМУнун кесиптик бирлигинин демөөрчүлүгү менен   баарлашуунун жана эс алуунун адептүү формаларына жаштардын кызыгуусун арттыруу жана таланттуу жаштарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен, жашоонун позитивдщщ баалуулуктарын баалап, аялдык сулуулук образын туура кабыл алууга тарбиялоо максатында «ЖАМУнун сулуусу-2017» («МИС ЖАГУ-2017») конкурсу болуп өттү.

     КонкурскаЖАМУнун бардык факультеттеринин, колледждеринин студенттери алдын ала жарыяланган кастинг аркылуу өткөн 10 кыз  катышты .

     Кызыктуу таймашуудан соӊ, калыстар тобунун чечими менен Экономика-юридикалык факультетинин 4 - курсунун студенти Борубаева Алинабаш байгени жеӊип, болуп табылып, ЖАМУнун кесиптик бирлигинин комитети тарабынан «Көгүлтүр Ысык-Көлгө» жолдомо менен сыйланды. Конкурстун бардык катышуучулары  атайын дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, күйөрмандарга жана көрүүчүлөргө жашоонун сулуулугун, жан дүйнөнүн руханий ырахатын тартуулашты.

 

ЖАМУнун кесиптик билиги

Май,2017-жыл, Жалал-Абад шары.