Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сулууларга суктанууга акым бар

    Бишкек гуманитардык университетинин салтка айланган иш чараларынын бири “МИСС БГУ -2018” кароо сынагы 6-март күнү уюштурулду. Сынак жыл сайын 8-март аялдардын “эл аралык күнүнө” арналып, кесиптик бирлик тарабынан каржыланып өткөрүлүп келет. Сынакка ар бир факультеттен бирден ажарлуу айым катышып, калыстык кылуу үчүн сырттан коноктор чакырылды. Сынакка катышкандар  негизинен үч багыт боюнча күчтөрүн сынашты. Биринчиси өздөрүн тааныштыруу, экинчиси атактуу айымдардын образын ачып берүү, үчүнчүсү өздөрүнүн өнөрүн көрсөтүү боюнча ат салышышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кесиптик бирлик тарабынан  сыйлоо баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланды.