Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Студенттик Форум-2021»

2021-жылдын  17-ноябрында  “ЖАМУ-жаштардын  деми, билимдин  кени” темасында «Студенттик  Форум-2021»  жогорку  денгээлде  өттү.

КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун “Жаштар-өлкөнүн өнүгүүсүнүн  негизги  локомотиви”  аттуу  ураанынын  алкагында  жана  КРнын  Билим  жана  илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин пленумунун токтомдорун аткаруу максатында Б.Осмонов  атындагы ЖАМУнун кесиптик  бирлик уюму жана жаштар кеңеши  тарабынан “Студунттик Форум-2021” иш-чарасы өткөрүлүп, анда ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы  М.Ш.Маткаримова,  Жалал-Абад  обкомунун  инспектору  А.Ч.Айдаров,  Жалал-Абад ШКнын  төрагасы  М.Мамасадыков,  Кыргызстан  Жаштарынын  республикалык конгрессинин Жалал-Абад областы боюнча төрагасы  Ч.Урматалиев, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышышты.

Иш-чараны ЖАМУнун  жаштар кеңешинин  төрагасы А.Усенов  алып  барды. ЖАМУнун  ректору  К.Ж.Усенов, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү, илимдин кандидаттары С.Ж.Куваков, З.А.Асилова, В.Э.Анарбекова, Б.К.Эрназарова, медицина борборунун башчысы И.Р.Иркеев,кыргыз күрөшү  боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Э.А.Сексенбаев сүйлөшүп, жаштарды майрамы менен куттукташып, келечекте мыкты инсан, жакшы  адис, өлкөнүн патриоту  болууга чакырышты.

Ошондой эле ЖАМУнун проректору А.Д. Доранова, кесиптик  бирлик  уюмунун төрайымы М.Ш.Маткаримовада  жаштарга каалоолорун айтышты. Ч.Урматалиев, М.Мамасадыков, К.Орозкулова, Э.Кенжебаева өздөрүнун иш  тажрыйбалары, ийгиликтери тууралуу жаштарга кызыктуу  жана  баалуу маалыматтарды  беришти.

Окуунун алдыңкылары, активдүү  жаштарга  “Ардак грамота”, “Ыраазычылык  Кат” тапшырылды.

 

Маалыматты  даярдаган: Жалал-Абад  областтык КБКнын  инспектору А.Айдаров