Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Студенттердин кышкы эс алуудан келишине жагымдуу жаңылык

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  студенттик жатаканасына жаңыдан жылуулук берүү системасы тартылып, ишке кирүү алдында турат. Учурда эки имараттан турган жатаканага бардык тиешелүү жылуулук берүүчү каражаттар, заманбап печкалар орнотулуп, соңки иш аракеттер жүрүүдө.

Белгилей кетсек 2019-жылдын ноябрь айында окуу жайдын өздүк жылуулук берүү борбору жаңыдан ишке кирип, окуу имараттарын толук жылуулук менен камсыздаган. Эми пландын негизинде студенттик жатаканага да түтүкчөлөр тартылып, жашоочулардын ыңгайлуу жашоосуна шарттар жаралды. Жатакана буга чейин электр энергиясынын жардамында  жылуулук менен камсыздалып келген.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу