Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Студенттерди майрамы менен куттуктоо

Ош мамлекеттик университетинде студенттер күнүнө карата концерттик кече өткөрүлдү.

Салтанатты ОшМУнун акыйкатчы аппараты жана жаштар кеңеши уюштурду. “Студенттик күндөр кандай кызыктуу” аттуу концертке ОшМУнун жалпы студенттери катыша алышты. Концертке ар бир факультет, колледждин студенттери өздөрүнүн талантын көрсөтүп жеңишке ээ болушту.

ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы, доцент А.Э.Саттаров студенттерди куттуктап кеченин жеңүүчүлөрүнө 17 000 сом акчалай сыйлык тапшырды. Андан сырткары 2022-жылдын 17-ноябрында  "Алайку Органикс" мекемесинде өткөн "Хакатон Technopolis - One" иш-чарасында Кыргызстандын жаш ишкерлери, стартап командалары катышып, өздөрүнүн бизнес идеялары менен бөлүшүштү.

ОшМУнун кесиптик бирлиги болуп өткөн иш-чарага Грамота, студенттик профилакторияга 10 жолдомо жана акчалай белектерин тапшырды. “Студенттер биздин келечегибиз, алар кандай ийгиликтерге жетсе биз сыймыктанышыбыз керек, аларга туура жол көрсөтүшүбүз керек” - деди А.Саттаров. Студенттерге жакшы каалоо-тилектерин айтып, окууларына ийгиликтерди, талыкпай окуп, билим алууну баса белгилеп өттү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети