Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТААСИРДҮҮ МАЕК..

 Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Түштүк аймагы боюнча төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокурович  бүгүн окуу жайдын Гуманитардык факультетинин студенттери менен жолугушуп, жакындан маек курду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Жолугушуу улуулардын акыл-насааты менен жаштарды тарбиялоо жана аларды бир топ кызыктырган суроолоруна жооп алып берүү максатында аталган факультет тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттери катышты.
Иш чаранын жүрүшү суроо-жооп форматында болуп, профессор катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорду терең талдап, өзгөчө таасын ой менен, өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын жана билиминин негизинде татыктуу жооп берип, данакер, мыкты педагог экенин далилдей алды. Студенттер менен жакындан пикир алышууга жаралган мүмкүнчүлүктө аларды жакшы жакка үндөө менен көптөгөн акыл-кеңештерин айтып өттү. Жан дүйнөнү байытуучу бул сыяктуу жолугушууларды мындан ары өткөрүү керектигин сунуштап, жалпы уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.

 

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу