Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук оюндар-2017

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2017-жылды «Сергек жашоо мүнөзү» менен баштоого багыт алды. Жазгы  каникулда –волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттук оюндар уюштурулду. 2017-жылдын 24-мартында Токмок шаарында жана Чүй районунда билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакида старт алды.  Жобого ылайык Токмок шаарынан 12 мектептин, Чүй районунан 27 мектептин  башталгыч уюмдарынын ичинде, Токмок шаарында 2 занага бөлүнуп, Чүй районунда 3 зонага  бөлүнүп  шаардык, райондук денгээлге чыгаруу иштери жүргүзүлдү.  Токмок шаарынын жана Чүй районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында уюштурулуган спартакиаданын 1 бөлүгү 28-мартта аяктап, 29-мартта Токмок шаары менен Чүй району куч сынашты.   

Жыйынтыгында волейбол боюнча 2 команда, теннис боюнча, шахмат, тогуз коргоол боюнча 2 адам катышкан оюндар өткөрүлдү.

Оюн  олимпиадалык тартипте өткөрүлүп калыстар  тарабынан туура жыйынтыктар чыгарылды.

Жыйынтыгында: 1-орунга -волейбол, теннис, шахмат боюнча Токмок шаарынын командасы, тогуз коргоол боюнча Чүй районунун командасы  ээ болушту.

Женүүчүлөр билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар жана Чуй-Токмок билим  берүү бөлүмунүн  ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

 

 Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

              профсоюзунун төрагасы                                       С.Наматов