Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук таймаш

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аламүдүн райондук комитети тарабынан уюштурулган райондун билим берүү кызматкерлеринин арасында салтка айланган спартакиада 2023-жылдын май айында  жыйынтыкталды.

Бул мелдештердин максаты чоң спорттун салттарын колдоо жана сактоо, сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спортко позитивдүү мамилени калыптандыруу, күчтүү командаларды аныктоо жана достук байланышты чыңдоо болуп саналат.

34 баштапкы профсоюз уюмунан 342 кызматкер катышты. Командалар спорттун үч түрү боюнча күч сынашты: волейбол, стол тенниси жана шахмат. Зоналдык мелдештин жеңүүчүлөрү финалга катышты.

1. Волейбол боюнча жеңиш төмөнкүдөй ыйгарылды:

- 1-орун – Стрельников атындагы командага.

- 2-орун – №1 Аламүдүн мектебине.

- 3-орун – Бер-Булак мектебине.

2. Шахмат боюнча жеңиш төмөнкүдөй ыйгарылды:

- 1-орун – Маевка мектебинен Р.Х.Кушваковго жана Г.А.Касымалиевага.

- 2-орун – Пригород мектебинен Н.Молдогазиевге жана №2 Васильевка  мектебинен О.Тажибаевага.

- 3-орун – Стрельников атындагы мектебинен А.Карыппаевге жана Таш-Мойнок мектебинен А.Б.Бакировага.

3. Теннис боюнча  жеңиш төмөнкүдөй ыйгарылды:

- 1-орун – Ленин  орто мектебинен П.Сатеновага жана  №1 Аламүдүн орто мектебинен А.Аттокуровго.

- 2-орун   Таш-Мойнок мектебинен К.Тентимишовго жана Төмөнкү-Аларчадан В.Нудинага.

- 3-орун – А.Абдырасуловго жана Таш-Мойноктон Ч.Бекжановага

Мыкты оюнчу деп Болот кызы Ж., А.Курманбекова, Марс кызы Ш., Мурзажин кызы М., Г.Шийзакова табылды. Кызыктыруучу сыйлык менен Мрамор, Т.Жайылов атындагы мектептер сыйланышты. 5 мектептин директорлоруна зоналык мелдештерге шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жеңүүчүлөр Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аламүдүн райондук комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жылдан жылга бул иш-чарага кызматкерлердин кызыгуулары арткандыгы байкалып бизди кубандырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аламүдүн райондук комитетинин төрайымы Б.Намазбекова