Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук спартакиадада ОшМУнун командасы I орунду багындырды

Ушул жылдын 11-май күнү "Аймактарды өнүктүрүү жылына" карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан Ош шаарындагы ЖОЖдор арасындагы "Спорт – ден соолуктун булагы" аталышындагы салттуу түрдө уюштурулган спорттук спартакиада Ош технологиялык университетинин базасында өткөрүлдү.

Спорттун ордо, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол жана минифутбол сыяктуу алты түрү боюнча уюштурулган мелдештер окутуучу-кызматкерлер ортосунда күчтүү атаандаштыкта өткөрүлдү. Мелдеште ОшМУнун командасы волейбол (аялдар), стол тенниси (аялдар, эркектер), тогуз коргоол (аялдар), шахмат (аялдар, эркектер), ордо (эркектер), минифутбол (эркектер) I орунду ээлешти.

Спартакиаданын жыйынтыгында ОшМУнун командасы жалпы командалык эсепте I орунду багындырып, уюштуруучулардын 20 000 сом акчалай сыйлыгына ээ болушту, ошондой эле жай айларында Ысык-Көлдө өтүүчү "Ден соолук – 2018" спартакиадасына катышууга жолдомо алышты.