Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук мелдеш өттү

Жакында жыл сайын уюштурулуп келген саамалыкта 28-май күнү Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында “2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата “ Биз сергек жашоо үчүн” деген аталыштагы спорттук иш чара өткөрүлдү. Ал иш чара мектептин профкому Абакирова С. жана физкультура мугалими Ж. Сатаралиевдин демилгеси менен уюштурулду.

Бул мелдештин максаты мугалимдерди сергек жашоого үндөө болду.

Аталган иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитети тарабынан демөөрчүлүк кылып, акча каражаты бөлүнүп берилген.

Алгач, мектептин жетекчиси Бейшембаев Өмүбек иш чараны ачып, сөздү райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы А.Темировго узатты. А.Темиров мугалимдерге бекем ден соолук, сергек жашоо жана ийгиликтерди каалады

Бул оюнда мектептин мугалимдери “Звезда”, “Алга”, “Ак шумкар”, “Спартак” командаларына бөлүнүшүп, кыймылдуу спорттук оюндардын түрлөрүн көрсөтүштү. Бул күнү мугалимдерден түзүлгөн командалар мини-волейбол боюнча мелдешип, кол күрөш, аркан тартыш, жамбы атмай,  көӊүлдүү оюндар боюнча күч сынашты.

Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана мектептин ардак грамоталары ыйгарылды. Мындан тышкары өзгөчөлөнгөн спортчуларга атайын Ардак грамоталар тапшырылды.

1-орун- “ Спартак”, 2-орун-“Алга”, 3-орун- “Ак шумкар”, 4-орун-“Звезда” командалары ээлешти.  

Аталган иш чара жамаат ичинде патриоттук духту, ынтымакты, биримдикти чыӊдоого өбөлгө түзөт.