Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт жолугушуусу

Жалал – Абад областынын Ала-Бука  районунда дүйнөнүн кубогунун күмүш медалынын 2016-жылкы ээси (дзюда боюнча) 2016-жылкы самбо боюнча Азия чемпиону Жайчыбекова Кундузай менен жолугушуу райондун борборунда уюшулду.

Жолугушууга райондук администрация башчысы аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович, Искак Разаков атындагы спорт мектебинин директору Азиянын бир нече жолку чемпиону Аканов агай орун басары С.Иманалиевдер жана башка спортсмендер, залга райондогу дене тарбия мугалимдери жаш мугалимдер катышты.

Райондун акими келген меймандарды тааныштырып жетишкен ийгиликтерге кеӊири токтолуп мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Мугалимдер жана жаштар жердешибиз Кундузайга өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жоопторун алышты.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев берген суроосуна жоопту алгандыгына жана мындан ары да Кыргызстандын туусун көтөрө беришине тилектештигин билдирип,  спорт  мектептин жетекчилигине ийгиликтерди каалады.

 Жолугушуу өтө кызыктуу болуп эки сааттын тегерегине созулду.

 

Даярдаган: уюштуруу тобу