Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт зал ишке берилди.

Базар-Коргон  районундагы   “Кош-Терек”  негизги билим берүүчү мектебинде жаңы спорт залы  демөөрчүнүн жардамы менен бүткөрүлүп, айыл тургундарын, окуучуларды кубанычка бөлөдү. Спорт залды Арстанбап айылынын тургуну  демөөрчүү, жеке ишкер  К.А.Досматов каржылап,  10 000 000 ( он миллион) сом болгон жаңы спорт зал куруп, бүткөрүп берди. Спорт залдын ачылышына Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев, аппарат мүчөлөрү жана айыл эли, меймандар катышты. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  С.К.Сариев жаңы спорт залдын ишке берилиши менен мектеп жамаатын, айыл тургундарын куттуктап, ушундай спорт залдар башка аймактарда да курулуп, окуучулардын спорт менен  машыгышына спорт залдын  салымы  чоң  болорун  белгиледи. Райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев мектеп жамаатын спорт залдуу болушу менен  куттуктап, окуучулардын   спорт түрлөрү боюнча   мелдештерде алдыӊкы орундарды  алышын айтып өттү. Айыл аксакалдары, келген коноктор  демөөрчү, жеке ишкер К.Досматовго  рахмат айтып,   узун-өмүр,  чын-денсоолук,  иштеринде ийгиликтерди каалашып,  бата беришти. Мектеп жамааты спорт залды курулуп ишке берилишине ыраазы болушуп, көптөн бери күткөндүктөрүн, мындан кийин окуучулар  жылдын төрт мезгилинде дене-тарбия сабактарын  спорт залда  өткөрөрүн,  ушундай  спорт залдардын көбөйүшүн, ошондой эле  келген меймандарга жакшы  калоо тилектерин  билдиришти. Ден-соолугу чың   коом  болсо  мамлекеттин келечегине,  өнүгүшүнө салым кошот, себеби ишти алдыга жылдыруу, жакшы ойлор,  талыкпай эмгектенүү жана  иштин жакшы жетишкендиктерине жетүү  ден-соолука байланыштуу. Элде жакшы сөз бар  “Дени сак адамда дени сак акыл болот”.


 

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов