Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт - ынтымактын жарчысы

2023-жылдын 18-20-мартында Баткен областынын Сүлүктү шаарындагы Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинде “Ден-соолук-2023” аталышындагы спартакиада болуп өттү.

 Спартикада КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору менен биргеликте өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты Билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгууларын арттыруу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу.

Спарткаиадада оюндун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча өтүп, жалпы  10 команда катышты.

Спорттук мелдештин жүрүшүнө Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров, Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш. Абдыжапаров, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Н.А.Ырысова жана билим берүү мекеме жетекчилери күбө болушту.

Спарткаиада оюндун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча өтүп, жалпы  10 команданын курамына Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров, Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш. Абдыжапаров, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Н.А.Ырысова жана билим берүү мекеме жетекчилери катышышты.

Спорттук мелдештин соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, Сүлүктү шаардык кесиптик бирлик тарабынан акчалай сыйлыктар, диплом жана грамоталар менен сыйланышты. Жалпы 63 катышуучу тиешелүү даражадагы медалдарга ээ болушту.

Катышуучулар бул спорттук иш чара эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилешип, уюштуруучуларга, өзгөчө кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.С.Кудаяровго ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Малыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитетини