Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт-ден соолук жана сулуулук

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү бөлумүнө караштуу БЧҮнүн тарбиялануучулары шаардык профсоюз комитетинин демөөрчүлүгү менен кол күрөштүн Эл ара лык даражадагы калысы, кол күрөш боюнча Жалал-Абад облусунун башкы машыктыруучусу, Балдар чыгармачылык үйүнүн машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиевдин жетекчилиги астында 50 катышуучу 20 категория боюнча областыбызда өткөн кол күрөш мелдешине катышышып, 18 категория боюнча ийгиликке жетишишип 1-орунду алып кайтышты. Жалпы 7 алтын, 6 күмүш, 4 коло медаль капчыгына салып кайтышты.

Дүйнө чемпиону:

  1. Аскат уулу Өткүр №14 инновациялык-гимназия мектебинин окуучусу үч салмакта 1-орунду,
  2. Юнусова Шахзода №12 Пушкин атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу кыз-келиндер арасында 1 -орун,
  3. Кошалиев Билал №11 орто мектебинин 8-классынын окуучусу 45 кг салмакта 1-орундарды багындырышты.

 

 

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева