Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СПОРТ - барыбыздын бакубат жашообуз!

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн  балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде  “Использование   здоровьесберегающих технологий на тренировочных занятиях тренеров  - преподавателей ДЮСШ” деген темада  шаардык семинар  өткөрүлдү.  Семинарда  ден- соолукту сактоонун, тулку бойдун сымбаттулугун, организмдин бекемдигин кантип жөнгө салуу керектигин, организмдин өсүшүнө  чөйрөнүн таасири кандай, балдардын физикалык- психикалык  өсүшүно кантип чара көрөбүз,  ата-энелердин өспүрүмдөргө кам көрүүсү кандай, дегеле адам баласы өзүнүн ден-соолугун кантип бекемдейт кантип суукка, ысыкка туруктуулукту  камсыздай алышат  деген  ойдун тегерегинде спорт мектебинин  тренерлери  Абдылас Назарбеков, Кочкорбай Шүкүралиев, Иличбек  Оомбаев, Бакыт Култаев, Медербек у.Азамат  ж.б. жааматтагы агайлар, өспүрүмдөр менен бирдикте практика жүзүндө спорттук оюндардын түрлөрүнөн көрсөтүп беришти.  Алсак  тогуз коргоол, кыргыз күрөш, эркин  күрөш,  бокс, волейбол, баскетбол, футбол боюнча  машыккан балдар өз өнөрлөрүн  көрсөтүп, семинардын катышуучуларын кубандырышты. Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси  Зуура  Эркинбаевна Дүйшөбаева  тегерек столдо  БӨСМнын  ушул кезге чейинки шаардык, областтык,  республикалык деңгээлдеги көрсөткүчтөру менен  тааныштырды, ошондой эле жалпы адам баласынын организми эмнеден жабыркайт, кантип ден-соолукту  алдын-ала  бекемдөө керектиги  туралуу  кеңештерди берүү менен күнүмдүк убакыт коротпой  жасап туруучу көнүгүүлөрдү демонстрациялады, семинардын катышуучуларына  беш мүнөттүк дене көнүгүүлөрүн да жасатууга жетишти. Спорт- барыбыздын бакубат жашообуз экендигин эсибизден чыгарбай сулуу жана сымбаттуу мүчөбүздү туура алып жүрүүгө үндөдү. Барыныздарга ден-соолук каалайбыз!