Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СПИД боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө карата атайын дарыгерлер менен студенттердин жана окутуучулардын  жолугушуусу  болуп өттү.  Аталган иш чара  “Дене тарбия жана табигый илимдер” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, конокто Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгери Адилет Бурканов жана ОГПИнин саламаттык-сактоо көзөмөлүнүн башчысы Джээнбеков Нурсултан  болду.  

Иш чаранын жүрүшүндө дарыгер атайын слайд менен оору тууралуу катышуучуларга кенен маалымат берди. Андан соң окутуучулар менен студенттердин суроолоруна жооп берип, статистикалык маалыматтар менен тааныштырды.

 Жолугушуунун максаты учурда СПИД  оорусуна чалдыккан жарандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратканын жана анын арасында жаштардын саны басымдуу экендигин эске алуу менен анын алдын алуу чараларын көрүп, жаштарга сактануу жолдорун үйрөтүп, оору тууралуу билимин кеңейтүү болуп эсептелет.

 

Даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу