Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада болуп ɵттү

       Ош  областтык   билим,  илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлик  комитети  тарабынан  уюштурулуп,  2018 –жылдын 11 май  күнү  Ош технологиялык  университетинин  спорттук   базасында    окуу  жайлардын  кызматкерлеринин  арасында   спортун   алты  түрү  - волейбол , стол  тенниси, тогуз – коргол, шахмат,  ордо  жана  кичи  футбол  боюнча   Спартакиада  болуп  ɵттү:  Бул  спорттук  мелдеш  аймактарды  ɵнүктүрүү  жылына  карата   кызматкерлердин  ден – соолуктарын  чыӊдоо,  сергек  жашоо мүнɵзүн  калыптандыруу  жана  спортту  эл  арасына   жайылтуу   максатында  жогорку  уюшкандыкта  ɵткɵрүлдү.  Спартакиаданы   ОПКнын  тɵрагасы   С.Тойгонбаев  кириш  сɵз  сүйлɵɵ  менен  ачык  деп  жарыялады.

        Иш  чааранын  жыйынтыгында  жалпы  командалык  эсепте  ОшМУ -I орун, ОшТУ -  II орун, ОшКƟУ  - III  орунга  татыктуу  деп  табылып  ОПКнын  кубогу,  дипломдору  акчалай  жана  баалуу  белектер  менен  сыйланышты.

       Спартакиада, адаттагыдай   эле  жогорку  деӊгээлде  уюштурулуп  ɵткɵрүлгɵндүгүнɵ   окуу  жайлардын   кызматкерлери  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

                            Ош  областтык  кесиптик  бирлик  комитети.