Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштүк өркүндөйт!

                       Билим   берүү  жана  илим  кызматкерлеринин    профсоюзунун Борбордук  Комтетинин  жана Жалал-Абад  обкомунун  иш  планына  ылайык  обкомдун  укук  жана  эмгек  боюнча  инспектору   А.Айдаров       2017-жылдын  13-14  ноябры  күндөрү Ала- Бука  районунда  болуп,  райкомдун   ишмердүүлүгүнө  усулдук  жардам көрсөттү. 

      13-ноябрь  күнү  №3  Орозалиев  атындагы  орто  мектебинде   баштапкы профсоюздук  уюмдардын  төрагалары  менен  семинар өткөрүлдү. 

 Анда:

1.Баштапкы  профоюздук уюмдардын  ишмердүүлүгүн  уюштуруу.

2.Үч  тараптуу  жана  жамааттык  келишимдерди  түзүү  жана  ишке   ашыруу  жолдору.

3.Баштапкы  профсоюздук  уюмдун туруктуу  комиссияларынын  ишин  уюштуруу.

4.Баштапкы  профсоюздук   уюмдарда эмгекти  коргоо  жана  коопсуздук  техникасы  багытындагы   иштерди  уюштуруу     боюнча  усулдук  материалдар берилди.

          Семинардын  2-  бөлүгүндө  суроолорго  жооптор берилип,  Жалал-Абад  обкомунун  ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача  билдирүү  жасалды.

      Катышуучулар усулдук    жардамдар   үчүн  Жалал-Абад  обкомуна   ыраазычлыктарын  айтышып,   каалоолорун  билдиришти.

                14-ноярь  күнү  социалдык  өнөктөш-  райБББнүн  башчысы Чынара                  Абдыкапаровна Турдукулова  менен  жолугушуу  болуп, райондо   өнөктөштүктүү  өркүндөтүү  менен  билим  берүү  кызматкерлерине  эмгектенүү  шарттарын  жакшыртуу,  эмгекти  стимулдаштыруу  , билим  сапатын  көтөрүү, үч  тараптүү  макулдашуулардын  аткарылышына  жетишүү жөнүндөгү  ой-  пикирлер айтылды.

           Ошондой  эле райондун баштапкы  профсоюздук  уюмдары  тарабынан эмгекти  коргоо  жана  коопсуздук  техникасы  боюнча  жүргүзүлүп  жаткан  иштер  менен таанышты.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абал  обкомунун  пресс-катчысы-М.Абдыкадырова.