Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК УЛАНТЫЛАТ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети  социалдык ɵнɵктɵштүк боюнча мамилелерди жүргүзүүдɵ Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бɵлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин ортосунда  2015-2017-жылдарда билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын  коргоо боюнча макулдашуунун, айыл ɵкмɵттɵрүнүн, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ортосунда  2015-2017-жылдарда билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу  жана укуктарын коргоо боюнча 84 макулдашуулардын,  9 жамааттык келишимдердин аткарылышын  кɵзɵмɵлгɵ алуу менен иштеп келди.

 Райондук, аймактык макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде белгиленген милдеттердин аткарылышын көзөзмөлдөө райадминистрациянын, райБББнын жана райондук комитеттин системалуу ишине айланган. Айыл өкмөттөрү 2017-жылы 4 мугалимге үй салууга жер беришкен. 50 мугалимге 441 500 сомдук акчалай сыйлыктар, мектептерге басма сөзгө жазылууга 213 520 сом, билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жардам катары 15 мугалимге 44 000 сом, 30 мугалимге жайкы дем алуусуна 94 000 сом акча каражаттарын беришкен. Мындан тышкары 17 мугалимге турмуш-шартын оңдоо үчүн арзан баада 20,7 га айдоо жер жана бак берилген. 34 жаш мугалим уй шартын оңдоо үчүн 163 400 сомдук жөлөк пул алышкан. Самаркандек айыл өкмөтү 365 мугалимге 438 000 сомдук көмүр берген.

 Кийинки үч жылда райондук социалдык макулдашууга ылайык материалдык колдоо катары жаш мугалимдерге жыл сайын 500 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп келет. Атап айтканда, бул максатта жыл сайын раймамадминистрация 22 500 сом, райондук комитет 22 500 сом бөлүшкөн.

2018-жылдын январь айында раймамадминстрация , райБББ менен сүйлɵшүлүп, жаны макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди  2018-2020-жылдарга түзүү боюнча макулдашылып, жумушчу топ түзүлүп иштеп жатат. Райондук макулдашуунун долбоору 3 тарапка тен берилип,  тактоо иштери жүргүзүлүүдɵ. Райондук макулдашууну кабыл алуу раймамаминистрациянын коллегиясында айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, билим берүү мекмелеринин жетекчилеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын катышуусунда кабыл алынмакчы.

            Бүгүнкү күнгɵ чейин 92 баштапкы уюмдан 92си  айыл ɵкмɵттɵрү, билим берүү мекемесинин жетекчилиги жана кесиптик бирлик уюмунун ортосундагы макулдашууларды бүткɵрүшүп, райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынан каттоодон ɵткɵрүштү.   

2 баштапкы уюмда (райБББда жана райондук балдар чыгармачылык үйүндө) жамааттык келишимдер түзүлүп каттоодон өттү.

Райондук жана баштапкы уюмдар тарабынан социалдык өнөктөштөр менен биргеликте социалдык макулдашууларда  жана жамааттык келишимдерде белгиленген милдеттенмелердин аткарылышына такай көзөмөл жүргүзүү менен иштей беришмекчи.    

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                        Б.Абдыразакова