Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү

      Билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук комитетинин  атынан  Сиздерди - Кыргыз Республикасынын  социалдык  коргоо  жана профсоюз  кызматкерлеринин  күнү  менен  куттуктайбыз! Сиздерге  чын ден - соолук, үй - бүлөлүк  бакыт, профсоюздук  ишмердигиӊиздерге  ийгиликтерди  каалайбыз!

 

 

Кайсыл  жумуш,кандай  жамаат  болбосун,                                                         

Келечекти  тереӊ  карап  ойлойсун.

Караӊгылык  каптаса  иш  жолунда,

Профсоюз  нуру, дем болсун!                                                                                                                                                                                                                                                                     

      19-октябрь  күнү  Кадамжай  районунун  “Алмаз” ресторанында профсоюз  кызматкерлеринин  күнүнө  карата  райкомпрофсоюз  тарабынан майрамдык  кече  өткөрүлдү. Билим  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Кадамжай райондук  комитетинин  төрагасы А.Ю.Момошов, Кадамжай  райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Ж.О.Гайбуллаев, Райондук  окуу - усулдук  комитетинин  башчысы  М.А.Ганыбаев, Б.Айтматов  атындагы гимназия  мектебинин директору Т.Б.Айтматова  куттуктоо  сөздөрүн  айтышып  майрамдык  кечени  ачып  беришти. Райкомпрофсоюз тарабынан  мыкты  мугалимдер Ардак грамота  менен  сыйланышты. Майрам 40  адамдын  катышуусунда  өттү. Мугалимдерге   “Брент-Ринг”  конкурсу, селфи жана суроо  жооп  оюндары  уюштурулду. Активдүү  ойногон  мугалимдерге  белектер  тапшырылды. Майрам  жогорку  деӊгээлде  өттү, келген  коноктор Абдуалим Юнусалиевич  Момошовго  ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

 

Материалды даярдаган

Абдыалим Момошев