Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык адилеттүүлүк күнү белгиленди

Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жыл №110 токтомунун негизинде  Ноокен районуна караштуу №6 “Арал” атындагы орто мектебинде 2019-жылдын  20-февраль  күнү Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү белгиленди.

Анда мектеп директору Ч.Курбанбаева, кесиптик уюмунун төрайымы А.Эргешова, социалдык педагог К.Зияшова, мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда өттү. 

Мектеп директору Ч.Курбанбаева бул күн качан негизделип жана белгиленип келе жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берди.

Иш чарага катышкан окуучулар азыркы коомдогу социалдык теңчилик боюнча өз ойлорун айтышып,  өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.    

 

Материалды даярдаган:

№6 “Арал” атындагы орто мектебинин социалдык педагогу

К. Зияшова