Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Штабдын мүчөлөрү шарттар менен таанышышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун алдында түзүлгөн “Жайкы эс алууну уюштуруу штабынын” мүчөлөрү 2018-жылдын 21-22-июну күндөрү “Арууке”, “Алтын балалык”, “Жылан- темир”, “Зорька”, “Достук” балдардын эс алуу борборлорунда болушту.

Штабдын мүчөлөрү журуп жаткан ремонт иштери, түзүлгөн шарттар, алдындагы аткарыла турган иштер менен жакындан таанышышты.

Штабдын башчысы, обкомдун төрагасы А.Исмаилов жетиштуу шарттарды түзүү, коопсуздукту камсыздоо чаралары, ден-соолукту көзөмөлдөө үчүн медициналык жабдуулар жана дары –дармектерди камсыздоо, балдардын спорттук-маданий иш-чараларын өткөрүүгө тийиштүү жабдууларды толуктоо иштерин директорлорго тапшырды.

Материалды даярдаган: А.Айдаров- Жалал-Абад обкомунунун инспектору.

Сузак районунун Көк-Жаңак шаар аймагындагы “Арууке” балдардын эс алуу борбору

Жалал-Абад шаарынын Кара Алма аймагындагы “Алтын балалык” балдардын эс алуу борбору

Сузак районунун ”Кыз –Көл” аймагындагы “Жылан темир” балдардын эс алуу борбору

Арстан-Баптагы “Кыргызнефтегаз” ААКнун “Зорька” балдардын эс алуу борбору

Базар-Коргон районунун Арстанбаптагы “Достук” балдардын эс алуу борбору