Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Шакафтар жатак мектебине-60 жыл

          Чаткал районундагы  Ленин  атындагы  жатак  мектебинин 60  жылдык тарыхый  майрамы 2017-жылдын 16-сентябрында   белгиленди.

           Майрамдык  аземге республикадан - КРнын Билим берүү жана  илим  министрлигинин өкүлү- илимдин доктору Токторалиев Б.А., КРнын  Өкмөтүнүн Жалал-Абад  облусунун  экс ыйгарым  укуктуу  өкүлү Эгембердиева  Ж.  Ш., облустан - Жалал-Абад облустук билим берүүнүн  усулдук  борборунун  кабинет  башчысы Жолдошева Ж., райондон- райадминистрация  башчысы, райБББнун  башчысы, райКБКнын  төрагасы, айыл өкмөт  башчылары,  мектептердин  директорлору, мектептин 1957-жылкы жана кийинки жылдардагы бүтүрүүчүлөрү, чакырылган  меймандар  катышты.

           Аземде  окуучулар  тарабынан  даярдалган майрамдык концерт  жана куттуктоолор берилди. Келген  меймандар 60 жылдык майрам менен  куттукташып,  жатак  мектеп  үчүн эстелик  белектерин салтанаттуу  түрдө  жамаатка  тапшырышты.

Алдынкы  мугалимдер  республикалык, облустук, райондук  сыйлыктарды жетекчилердин  колунан  алышты. 

           Азем марафон  менен  коштолуп жалпысынан  мектептин  материалдык  базасын   чыңдоого   көмөк  көрсөтүлдү.

 

Материалды  даярдаган Чаткал райкомунун  төрагасы :Кудайбердиев Ызан Кожонович.