Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Шайыр тапкычтар клубу”

2019-жылдын 9-март күнү Лейлек районунун Картраң айыл аймагына  караштуу “Жаңы-Турмуш” орто мектебинде К.Сабыров атындагы орто мектебинин, Ак-Терек жана Лейлек орто мектептеринин башталгыч класстарынын окуучуларынын жана ата-энелеринин катышуусу менен “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында “Шайыр тапкычтар клубу”  деген темада иш чара өткөрүлдү. Ар бир мектептен 5тен окуучу, 1ден ата-эне, 8ден мугалим катышты.

Иш чара өзүнө жашынган тамгалар, Шульте таблицасы, колдо даярдалган сүрөттөр, сөз ичинен сөз куроо , фразеологизм тосколдуктар менен окуу, менин комиксим көрсөтмөлөрүн камтып, жогорку деңгээлде өттү. Катышуучулар иш чаранын уюштуручуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева