Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Шаардык конференция уюшкандыкта өткөрүлдү

2019-жылдын 6-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык III конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга 37 делегат шайланып, анын ичинен 35 делегат катышты, жүйөлүү себептер менен 2 делегат катышкан жок.

Конференциянын күн тартибине:

  1. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык комитетинин 2015-2019-жылдар үчүн отчету.

     (Докладчы: Каракозуева А.К. шаардык комитетинин төрайымы)

  1. Шаардык комитетинин текшерүү комиссиясынын отчету.

           (Докладчы: Сакеева Г. комиссиянын мүчөсү)

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин курамын бекитүү.
  2. Шаардык текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү.
  3. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара- Көл шаардык комитетинин төрайымын шайлоо.
  4. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара -Көл шаардык комитетинин президиумунун курамын бекитүү маселелери коюлду.

2015-2019-жылдар үчүн отчеттук докладды шааркомдун төрайымы А.Каракозуева, текшерүү комиссиясынын отчетун Г.Сакеева жасады.

Отчет боюнча жарыш сөздөргө №2 орто мектептин физика мугалими, делегат Ж.Орунова, №1 Токтогул атындагы орто мектептин директору, делегат Г.Кокоева, шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн директору, делегат Г.Бердимуратова, “Көк-Бел” башталгыч мектебинен делегат Т.Сандыбаевдер чыгып сүйлөштү.

Алар шааркомдун отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин “канааттандырарлык” деп баалашты.

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты А.Мырзалиева профсоюздун шаардык комитети менен өнөктөштүк жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, анын натыйжасында колго киргизилген алгылыктуу натыйжаларга токтолуп, жаъы мөөнөттө профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана көйгөйлүү маселелерин чечүүдө биримдикте иштеп, бийлик органдарына сунуш-талаптарды жигердүү коюу керектигине басым жасады.

Шааркомдун отчеттук мезгилдеги иши “канааттандырарлык” деп табылгандыгына байланыштуу кийинки мөөнөткө А.Каракозуеванын талапкерлиги сунушталып төрайымдык кызматка кайрадан делегаттардын 35 добушу менен шайланды.

Ошондой эле шаардык текшерүү комиссиясынын, шааркомдун жана президиумдун курамы шайланды.

Шаардык конференциянын ишине профсоюздун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, профсоюздун Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматовдор катышышты.

С.Жаркымбаев делегаттарга Базар-Коргон райондук комитеттин санариптештирүү жылында баштапкы уюмдар менен иштөө тажрыйбасы жөнүндө ой бөлүштү.

Иш тажрыйба кызыгуу менен кабыл алынды.

Конференциянын соъунда сөз алган А.Бегматов делегаттардын суроолоруна, ой-пикирлерине ынанымдуу жоопторду берди.

Аймактарды санариптештирүү жылында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин иштиктүү жетекчилиги менен облуста, районшаарларда алгылыктуу иш аракеттердин жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, жаъы курамга мындан ары жигердүүлүк менен иштөө керектигине басым жасады.

Конференциянын жүрүшүндө делегаттар тарабынан айтылган  сын сунуш пикирлер боюнча атайын иш-чара түзүлүп, аткарылышы бардык баштапкы уюмдарга жеткирилиши керек экендигине токтолду.

Делегаттардын пикирлери боюнча конференция уставдык талаптын деъгээлинде уюштурулуп, өткөрүлгөндүгү белгиленди.

 

А.Бегматов 

обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы