Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ш.Токсонов атындагы орто мектеби облустук “Жылдын мыкты айылдык мектеби-2018” кароо-сынагынын жеңүүчүсү

Баткенде Баткен облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан Баткен облусунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептер арасында жыл сайын өткөрүлүүчү “Мыкты мектеп-2018”, “Мыкты балдар бакчасы -2018” кароо-сынагынын облустук туру болуп өттү. Кароо-сынакта Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужун айылындагы Дүйшоева Канзада жетектеген Ш.Токсонов атындагы орто мектеби ишмердүүлүгү, долбоорлор, социалдык өнөктөштөр менен иш алып баруудагы, спорт жаатындагы буга чейинки жетишкендиктери жана Жалпы республикалык тестирлөөдөгү 3 жылдык көрсөткүчтөрү боюнча “Мыкты мектеп-2018” кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылды.

Мектеп жамааты сыйлык алгандан кийин

Мектеп I даражадагы диплом жана дидактикалык окуу куралдары, таркатма материалдар менен сыйланды. Ошондой эле айылдык жана инновациялык мектептер арасында өткөрүлүүчү республикалык сынакка катышууга жолдомо алды.

Билим беруу кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси  Б.Абдыразакова