Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Сен жалгыз эмессиң…» аттуу кайрымдуулук иш чарасы

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын башчыларынын демилгелери менен жер-жерлерде мектептеги майып балдар үчүн 3-декабрда  “Сен жалгыз эмессиң, биз биргебиз” аттуу кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарада атайын уюштурулган концерттик программалар көрсөтүлдү. Бардык мектептерде жана бала бакчаларда атайын  “Кайрымдуулук кутусу”  уюштурулган. Бул ишчарадан түшкөн каражаттарга майып балдардын көңүлүн көтөрүүчү белектерди жана керектүү, муктаж буюмдары, акчалай жардамдар берилди.  Айрыкча Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектебинин, №10 А.Осмонов атындагы орто мектебинин жана  “Шамалды-Сай-Нур” кайрымдуулук фонду менен биргеликте өткөргөн акция мактоого татырлык.

 

Материалды даярдаган:

  Э.Ж.Эгизалиева