Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинарда - укук коргоо иштери

Баткен районунун балдар чыгармачылык үйүндө өткөрүлгөн семинарда “Мектепке чейинки  билим берүү кызматкерлеринин эмгегин жана мыйзамдуу укуктарын коргоо иштери” деген тема талкууланды. Семинар кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага райондогу  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары катышышты.

            Семинарда төмөнкүдөй баяндамалар жасалды:

  1. “Баштапкы кесиптик бирлик уюму – кызматкерлердин эмгегин жана мыйзамд уу укутарын коргоочу уюм” ( Баткен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жумаев Т.)
  2. “.КРнын 29.06.2009-жылдагы №198 «Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө» мыйзамына ылайык кадрлар менен иштөөгө коюлган талаптар” ( райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мажилимов О.).
  3.    “Кызматкерди жумушка кабыл алууда талап кылынуучу документтер жөнүндө (кызматкердин өздүк делосу)”(райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Юлдашев А.)
  4.   “Балдар бакчаларында КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы № 145  токтомуна ылайык жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда эмгек келишимин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү”  (райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Юлдашев А.)
  5. “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин штаттарынын расписаниеси жөнүндө” (райондук билим берүү бөлүмүнүн экономисти Ж.Назарова)

                Катышуучулар “Ак жолтой” балдар бакчасынын  “Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги иш кагаздарынын номенклатурасына” негизделип түзүлгөн  документтери, “Кулунчак” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш кагаздары  менен таанышышып, өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

            Топтордо иштөө менен директорлор  жана БКБУ төрайымдары  кызматкердин өздүк делосун түзүү, кызматкерлерди жумушка алуу, орун которуштуруу, жумуштан бошотуу боюнча буйруктарды жазуу, кызматкердин эмгек китепчесин толтуруу, жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишимин түзүү ж.б. боюнча практикалык иштерди аткарышты.

            Кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев ар бир мектепке чейинки билим берүү мекемесининин директорлоруна жана БКБУ төрайымдарына  кесиптик бирликтин бюджетинин эсебинен даярдалган уюштуруу-укук маселелери боюнча ченемдик-укук документтеринин пакетин тапшырды.

 

РКПнын жетектөөчү адиси                                          Б.Абдыразакова